Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз
Саламатсызбы, аты жөнүм Адилет Абишов. Талас облусунда төрөлүп, чоңойгом. Мектепти аяктагандан кийин борборубуздагы бир канча окуу жайга тапшырып, анын ичинен "Манас" университетин тандап алганмын. Университетте убакытты сабактарга караганда коомдук иштерге көбүрөөк бөлүп, клуб президенти, факультет башчысы болуп, студенттик кеңештин комитеттеринде иштеп жүрдүм. 2014-жылы университеттин экологиялык инженерия бөлүмүн аяктадым. Андан соң Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинде магистратурада окудум.

-Карьераңыздын алгачкы тепкичи
Расмий түрдө айта турган болсом, 2015-жылы Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын башкы катчысы катары карьерамды баштагам. Аны менен катар Анкара шаарында окуган студенттердин студенттик кеңешинин төрагасынын да милдетин аткардым. 2016-жылы Анкара шаарында Нурбек Табышев байке менен чогуу консалтинг, авиабилет, логистика багыттарында иш алып барган биринчи кыргыз фирмасын түптөдүк. Ошентип ишкердик тармагында алгачкы тажрыйбабызды Түркияда топтогонбуз.

-Учурда эмне менен алектенесиз?
Учурда фирмабыздын офистери Анкара, Стамбул, Бишкек шаарларында иш алып барып жатат. Андан тышкары Талас жергесинде Түркия элине сый урмат катары "Анкара" деп атын атап, супермаркет, тез татым жайын иштетип жатабыз. Кудайга шүгүр, учурда жалпысынан 20га жакын адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылып келебиз.


-Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу керек деп ойлойсуз?
Кесипти алып келген кирешесине эмес, көңүлгө жакканына карап тандаганга аракет кылыш керек. Тилекке каршы жашообуздагы эң маанилүү тандоолордун бирөөсүн көпчүлүк учурда туура эмес жасап алабыз. Анткени мектепти жаңы бүтүп, эмнени каалап жатканыбызды өзүбүз да билбейбиз. 1-2-курска келгенде гана так тандоо жасай алабыз. Ошол учурда бөлүмдү алмаштырыш керек болсо, эч ойлонбостон каалап жаткан, жагып жаткан кесипке өтүп кетиш керек. Өмүр бою жаккан жумушта иштөө үчүн 1-2 жылды текке кетирүү эч нерсеге арзыбайт. Мен өзүм инженерия багытында бакалавр, магистратураны бүтүрсөм да, тилекке каршы бир күн дагы кесибим боюнча иштеген жокмун. Бирок эч өкүнбөймүн, себеби учурда өзүмө жаккан иш чөйрөм бар.
-Учурда окуп жаткан студенттерге кеңешиңиз
"Манастын" студенти болуунун өзү эле өтө чоң сыймык жана зор бакыт. Себеби бардык шарттары бар кампус, тажрыйбалуу мугалимдер, өзүнө тарткан студенттик атмосфераны башка жерден табуу кыйын. Эң маанилүүсү жашоодо дайыма жөлөк таяк болгон жакын досторду ушул жерден табабыз. Студенттик 5 жыл убакыт өтө тез өтүп кетет. Колдон келишинче университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, сабактарга гана байланбастан, коомдук иштер, дебат, спорттук иш чаралар ж.б. активдүү катышканга аракет кылыш керек. Анткени ошол иштерден алган тажрыйба, көп кырдуу кесиптин ээси кылып тарбиялайт. Студенттик кезде активдүү болуп жүргөн айланамдагылар, учурда баары өзүнүн ишинде чоң ийгиликтерди жаратып жатышат.
-Алдыга койгон максаттарыныз кандай жана бул жашоодо сиз үчүн эмне маанилүү?
Учурда эң чоң максатым - колдон келишинче айыл жергесинде көп сандагы жумушчу ордун түзүү. Себеби өлкөбүздүн чоң көйгөйлөрүнүн бири болгон миграцияга аз да болсо жолтоо болуп, үй бүлөөсүнүн жанында иштеп, балдарына жакындан тарбия бере турган шарт түзөлү деп аракет кылып жатабыз. Толук кандуу тарбия, жакшы билим алган балдар өлкөбүздүн келечегине чоң салым кошот деп ишенем.
Мен үчүн эң маанилүү нерсе - Кудайдын жана элдин ыраазычылыгына ээ болуу. Кичине болсо да элдин жашоосун жакшы нукка бурууга себепчи болуу. Менимче андан өткөн ыйык нерсе жок болуш керек.


Даярдаган: Саадат Казакбаева

 

 

Ийгиликке жетүү үчүн байлык, бийлик, мансап эмес билим керек. Билим алууда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, анан албетте аны колдоно билүү, сиңирип алууга аракет кылуу маанилүү. "Кимде-ким ийгиликке жетүүнү кааласа, бир нерсе жасагысы келсе, анда китептен, билимден баштасын", -деген ар бирибизге керектүү кеңешин берген сыймыктуу бүтүрүүчүбүз Эсен Жуманов менен болгон ары кызыктуу, ары пайдалуу маегибизге көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Даамдуу жана сапаттуу пиццалар көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланганы жашыруун эмес. Эсен Жуманов  дал ошол Dodo Pizza коомдук тамактануу жайларынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
" Манас"университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүн 2013-жылы ийгиликтүү аяктаган. Студенттик жылдарынан тарта убакытты текке кетирбей, ар кандай аналитикалык институттарда стажер болуп, 2-курсунун аягында изилдөө институтунун экономика тармагында толук айлыка иштей баштаган. Окуу жайды аяктап жатканда изилдөө бөлүмүнүн директору кызматында болгон. Андан жарым жыл өтпөй бизнес ассоциациясынын директорлугуна вакансия бар экенин көрүп, 50дөн ашык талапкердин ичинен суурулуп чыгып, Bishkek Business Group бизнес ассоциациясынын директору кызматына орношкон. Булардын баардыгы келечектеги бизнесменге тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк болгонун баса белгилейт. Бизнес ассоциациясындагы 2 жыл окуучу кезинен тартып билимге ашыккан, китепти колунан түшүрбөгөн, окууга тапшырып жатканда да интеллектуалдык иш менен алектенем деген адамга жүрөгүнөн каалап жаткан ишин баштоого түрткү болгон. 25 жашында өнөктөштөрү менен бизнес жолун баштап, Dodo Pizza коомдук тамактануу жайларын ачышкан. Саякаттап жүргөндө чыныгы кинодогудай сапаттуу пиццанын даамын татып көрүп, франчайзинг менен жөнөкөй адамдардын да укмуштуудай даамды татып көрүшү үчүн бираз Батыштын, дүйнөлүк, эл аралык маданиятты айкалыштырышып Кыргызстанга алып келишкен. Пиццанын курамындагы ар бир азык таза, сапаттуу. Алар чет өлкөдөн түз алынып келинет.

Адамдын көңүлү каалаган иш менен алектенүүсү улам алдыга кадам таштоого шык берип турат. Кайсы тармак болбосун адам көп окушу керек экенин төмөндөгү сөздөр тастыктап турат:
"Мага түрткү берген капыстан колума тийген Роберт Кийосакинин " Бай Ата, Кедей Ата" китеби болду. Аны ушунчалык тездик менен окуп бүттүм. Анан башка китептерине кириштим. Дал ушул китептер бизнес кылууга мүмкүн экенин, аны кантип баштоо керектигин көрсөттү. Ушундан баштап экономика жөнүндө көп окуп, бул жаатта жыйынтыкка жеткен адамдар менен бир чөйрөдө боло баштадым. Ошентип мен бизнес эмне экендигин, анын эрежелерин үйрөндүм. Карапайым үй-бүлөдө чоңойгон менин чек араларымды билим алууга болгон аракетим жыга алды. Ойлонбо, башта дешет. Бирок бул кооптуу. Ар тармакта билим иш аракеттин фундаменти болот".
Биздин бүтүрүүчүлөрдүн өзгөчөлүгү окуу жайыбызга болгон сүйүүсүнүн чексиздигиндеби деп ойлоп кетем. Окуу жай жөнүндө айтып жаткан ар бир сөзүнөн көзүндөгү сагынууну, сыймыктанууну, толкунданууну, жүзүндө пайда болгон ууртунан жылмаюусун көрөм.

 
"Мен университетиме аябай ыраазымын. Алгачкы күндөн тарта мугалимдерин, чөйрөсүн, атмосферасын жактырдым. Өлкөбүздөгү коррупция жок, баардыгы бир деңгээлде болгон, билимдин баалуулугун сактаган университет. Билимди акчага сатып алуу мүмкүн эмес экендигин, ага маңдай тер, талыкпаган эмгек, тырышчаактык менен ээ боло алаарыбызды тастыктап турат. Азыркы күндө группалаштарымдын бири мамлекеттик кызматта, бири бизнес тармагында, бири адистиги боюнча чет өлкөдө иштеп жүргөн чагы. Алар убагы келгенде өлкөбүзгө тажрыйба топтоп кайтып келип кызмат кылышат. Башкача айтканда " Манас" өлкөнү өнүктүрө турган жаштарды тарбиялап чыгарат.
Ошондой эле көп улуттун башын бириктирип турганы ар бирибизди өзгөрүүгө, дүйнөнү кабыл алууга ачык болууга үйрөтөт.
Жалпысынан даамдуу тамактары, чоң китепканасы, интернети, компьютердик класстары мезгилинде менин өнүгүүмө чоң салымын кошту. Окуу жайыбыздын баалуулуктарын жоготпой, дагы көптөгөн жаштарга билим берип, гүлдөп-өсүшүнө, мендей карапайым балдарга, бир натыйжага жетишине, коомго пайдалуу болушуна себепчи болушун каалайм".
Беш жыл аралыгында кардарларын таап, бизнес жолун жөнгө салып кеткен агабыз дагы да алдыга максаттарды, милдеттерди, пландарды коюп талыкпастан изденип келет.
Азыркы тапта Вьетнамдын Хошимин шаарында жүргөн ишкер, ал жакта да пиццерия чекитин ачууга камылга көрүп жаткан чагы.
Убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирип, жашоодо, ишиңизде ийгиликтерди каалайбыз!

 


Даярдаган: Саадат Казакбаева

Эмгек, талыкпас аракеттин аркасында ийгиликтерди багындырып, дүйнөлүк ашканада өз ордун тапкан Нуркыз Бектурова кесибиң менен ийгилике жетүүнүн бирден-бир себеби жүрөгүңө жаккан, көңүлүңө толгон ишти тандай билүүдө дейт.

 Жер Ортолук деңиздин так ортосунда, Италиянын түштүгүндө, Ливиянын түндүгүндө жайгашкан Мальтада жашап, иштеп жаткан сыймыктуу бүтүрүүчүбүз иши, карьера жолу, Мальтанын  менталитети, туризм тармагы, өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, бул тармакта окуп жаткандарга кеңештери менен бөлүштү.

    Мен 2003-жылы Нарындан орто мектепти аяктап, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Туризм факультетине тапшыргам. Биринчи курсту аяктаганда Бишкектеги Hyatt Regency мейманканасына практикага барып ашканасында баштагам. Бирок ага карбай кондитердик цех абдан жагып калган. Эң биринчи жолу цехтин жанынан отуп бара жаткандагы "аромат" жагымдуу жыт азыркыга чейин эсимде. Балким дал ошол учур кондитер болом дегем чечим чыгарышыма түрткү берген.

Жайкы практикадан кийин мейманкана тарабынан жумуш сунушталып, кондитердик цехинде расмий түрдө иштеп баштагам. Окуумду аяктаганча окуп жана иштеп жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде ал жактагы башкы ашпозчу Кардино мага, Дубайдагы  мейманканалардын  бирине которууну сунуштады. Мен кубанып, дароо макул болдум.  Ошону менен окууну аяктап, Hyatt Place Dubai мейманканасына  которулуп кеттим. Дубайдан мага көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылды.

  Чет жерде иштөөнүн артыкчылыктары көп. Ой жүгүртүүң, чөйрөң кеңейет. Чет жерге чыгуу профессионалдык, жеке инсан катары өсүп-өнүгүүмө салымын кошту. Тил үйрөндүм, көптөгөн ар кайсы улуттагы досторду күттүм, саякат кылганга дагы убакыт таба алдым. Андан сырткары кондитер катары чет өлкөгө чыгып иштөөнүн пайдасы өзгөчө чоң. Мисалы Франция кондитердик искусствонун мекени болуп саналат. Европада жашаганым үчүн Францияга, Италияга барып жабдууларды карап, азыктарды көрө алам. Же ар кандай тренингдерге, семинарларга, кулинариялык жарманкелерге катышып, жаңы маалыматтарды ала алам. Бул жактан туризм, илим-билим, медицина тармагында өнүгүүлөрдү көргөндө алгач эле Кыргызстанда да ушундай жакшы нерселер болсо деген ой келет. Кыргызстанга алып баргым келет. Ушундай ойдогу адамдар дүйнөнүн ар тарабында көп болсо керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо алган билимибизди, топтогон тажрыйбабызды колдонуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымыбызды кошсок дейм.

       Туризм тармагында жаны кадам таштайын деп жаткан жаш адистер, Туризмдин кайсы тармагында иштесеңер дагы чын дилиңер менен берилип, иштеген ишиңерди жүрөгүңөр менен жакшы көрүп кылсаңар ийгилике жетишесиңер.

Иштеген ишиңердин  эң негизги максаты финансылык пайда болбошу керек. Анткени адам качан гана кылган жумушун чын жүрөгү менен сүйүп кылса, өзү дагы бактылуу болот жана финансылык жактан да максаттарына жетише алат.

     Мальта-  климаты, тазалыгы, жаратылышы, өнүккөн инфраструктурасы, коопсуздугу жана жергиликтүү элдин чет жерликтерге кылган мамилеси менен өзгөчөлөнүп турат. Деңизи абдан кооз, эли кичипейил, өтө жөнөкөй. Элдердин жашоосу жайбаракат өткөндөй сезилет. Чоң-чоң шаарларда, жада калса Бишкекте "суета", шашылуу байкалат. Ал эми бул жакта бардыгы өз нугу менен шашпай өткөндөй. Жашоо, кылган иштери, бир-бирине кылган мамилеси, көрсөткөн сыйы, жылмаюусу, жөнөкөй эле учурашып тургандары жагат.  Кыргызстанга окшоштугу үй-бүлөлүк баалуулуктарды карманып, жогору коюшканында. Жалпы жолунан жергиликтүү элдин менталитети сонун.

     Даярдаган: Саадат Казакбаева

 

 

"НЕГИЗГИ ИНЖЕНЕРДИК КҮЧ БОСТОН ЖАНА БЕРЛИНДЕ ЖАЙГАШКАН"

 Университетибизди "мыкты" көрсөткүчтөр менен аяктап, дүйнөнүн төрт бурчунда окуп, иштеп, ийгиликтердин артынан ийгилик жаратып  жүргөн бүтүрүүчүлөрүбүз менен маектешүүдө илим-билим,  адамдын өмүрлүк кадыр-баркы, эмгектен тапкан түбөлүк табылгасы экенине ишенем.  Өз тармагында мыкты адис болууну, чоң ийгиликтерди жаратууну көздөгөн каарманыбыз Нурсултан Турдалиев @nursultan_turdaliev_  жетишкендиктери, топтогон тажрыйбалары, анан албетте унутулгус студенттик күндөрү жөнүндө маегибизде кеп салды: "Университет мен каалагандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди десем болот. Анткени университет түзүп берген мүмкүнчүлүктөр аркылуу Түркияда практика өттүм. Андан кийин Мевлана студент алмашуу программасы аркылуу Гази университетинде бир семестр окуп келдим. Студенттик күндөрүм эң сонун болду. Жакын досторду таптым. Эң мыкты мугалимдерден билим алдым. Билим берген бардык мугалимдерге аябай ыраазымын. Азыркы жетишкендиктериме аябай салымы чоң. Учурунда компьютердик инженерия бөлүм биринчиси болуп бүтүргөнүм эң эле чоң жетишкендик болсо керек. Анткени ошол жетишкендик Түркияда “Түркия Бурслары” аркылуу бекер билим алууга мүмкүнчүлүк берди. Булар менин кийинки ийгиликтериме жол ачты. Дайыма илим-билимге болгон кызыгуум алдыга умтулуума түрткү берет.  Учурда Германиянын борбору Берлинде  Wayfair деген компанияда программист болуп эмгектенем. Платформага жаңы электрондук төлөө ыкмаларын интеграциялоо, аларды жакшыртуу, жана платформаны модернизациялоо менен алекмин.

Компания тууралуу айта турган болсом, компания 2002- жылы Бостондо негизделген. Электрондук соода-сатык тармагында иш алып барат. Жалпысынан 12 000 жумушчу эмгектенет. Негизги инженердик күч Бостон жана Берлинде жайгашкан.

Эмне иш кылсаң да, жоопкерчилик менен мамиле кылуу, ишиңди жогорку деңгээлде аткарууга, мыкты жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылуу керек. Ошондой эле мен үчүн күн сайын адам бойдон калуу да эң маанилүү. Ал эми  профессионалдык чөйрөдө “дарак бир жерден көгөрөт” деген принципке таянганга аракет кылам. Бул принцип өзүмө керектүү болгон гана нерселерге көңүл бурууга, үйрөнүүгө жардам берет.

Антпесе акыркы маалыматтардын көптүгү (“избыточность инфорации”) болгон чөйрө адамды бат эле адаштырып коёт. "Манас" университетин түзүп берген мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү системасы, кампусу жана жалпы эле студенттик атмосферасы боюнча Кыргызстанда эң мыкты университет деп эсептейм, ал жакта окуганымды кубануу менен эскерем.

Студенттик күндөрдү пайдалуу, жакшы, кызыктуу өткөргүлө. Анткени андан кийинки жасай турган кадамдарыңар ага байланыштуу". Өз чөйрөсүндө кадыр-барктуу, ишинде жоопкерчиликтүү, адамдык асыл сапаттары бийик, эң негизгиси өтө жөнөкөй адамдын окуу жайыбыздын сыймыгы болгондугу жалпыбызды кубандырып, үлгү көрсөтөт.

 

Даярдаган: Саадат Казакбаева @kazakbaeva_7

"Манас" университетим - жашоомдун реформасы!

 

Ар адамга табияттан бардык мүмкүнчүлүктөр берилген, аны туура пайдаланып, үзүрүн көрүү ар адамдын өз колунда. "Жаңа жумушка орношконум бир-нече күна болда„ Computacenter Венгрия“аталышындаг Британиялык компания IT жаатынд кольего көрсөтүү кызматын аткарат. Учурда тренинг өтүп, жумуш процесся менен таанышып жаткана чагый", -дейт көпчүлүккө үлгү көрсөткөн, келечектен дагы көптү үмүттөндүргөн университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Нурбек Орозалиев. @nurbek_orozaliev 

Ааламга жол айылдан башталат демекчи, ийгиликтерге карай багытталган кадамдар кандай жолдорду басып өттү, студенттик күндөр, алдыга койгон максаттар жөнүндө сонун маек курдук. «Манас» университетин эстээр замат көөдөнүмдө сагыныч, ыраазычылык жана жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Анткени, жашоомду реформалап, жаңы деңгээлге алып чыгып, жеке кишилик жана профессионалдык сыпаттарымды өнүктүргөн экинчи үй-бүлөмө ыраазы бол коюю, “Манас” университетининошмм жбоймайн коюю, жбоймайн-эсбойм, жбойм Жүзүмдөгү жылмаюу болсо кызыктуу окуяларды эстеген учурда пайда болот.

 Даярдоо курсун аяктаган соң бир гана окуу менен жүрбөстөн коомдук иш-чараларга да активд катышып баштадым. Студенттик кеңешке караштуу жатакана комитетинин мүчөсү катары баштап, студенттик клубдун президентине чейинки кадамдарды басып өттүм. 2014-жылы «Экономика» клубун вице-президенти, 2015-жылы болсо «Ойлоншоу» интеллектуалдык клубун президенти катары 1 жыл эмгектендим. Клуб башкаруу оңой көрүнгөнү менен убактымдын тардыгынан улам мен үчүн татаал болду. Анткени, даярдоо курсунан баштап эле окуум менен шайкештирип иштеп баштагам. Ошондой эле дал ошол жылы университеттин сууда сүзүү боюнча курама командасында мүчө элемент. Ушулардын баары убактымды туура пайдаланууга, эмгекчилдикке жана тырышчаактыкка тарбиялады десем болот. Эң кызыгы дал ушул жылкы «орталамам» башка жылдарга салыштырмалуу жогору болгон. Демек, адам баласы канчалык бир нерсе менен алек болуп убактысы тар болсо, ошончолук ийгиликтүү болот экен деген жыйынтыкка келдим. Бош убакыт жалкоолукка алып келет деп ойлойм.

 2017-жылы жазгы семестрда Мевлана алмашуу программасы аркылуу Туркиянын Анадолу университетинде окуп келдим. Бул да мен үчүн чоң тажрыйба болду. Университетибиз тарабынан уюштурулган студента конференцияларга ар дайым катышканга аракет кылаар Элемент, анткени, мындай конференция изилдөө жаатында тажрыйба топтоп, келечектеги максаттарыма жетүүмө жардамчы болот.

 Университетти 2018-жылы экономика бөлүмүн кызыл диплом менен аяктап, экинчи үй-бүлөм менен коштошууга аргасыз болдум.

 Учурда Будапештте Будапештский университет Корвинуса жогорку окуу жайында магистратура даражамды окуудамын. Бул жакка Stipendium Hungaricum программасы аркылуу келдим. Программа боюнча окуум акысыз, айлык стипендия, акысыз жатакана жана медициналык камсыздандыруу каралган. Венгрия Европанын так ортосунда жайгашкандыктан жана шенген аймагына мүчө болгондуктан Европаны айлануу аябай ыңгайлуу. Ошондой эле жашоо чыгымы Бишкектикинен көп айырмаланбайт. Европанын эң арзан шаарларынын бири катары айрыкча студенттер үчүн аябай ыңгайлуу.

 Аалы Токомбаевдин «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деп айткан сөзүн өзүмө принцип катары карманам.

Буюрса, ушул принцибимди иш жузүнө ашыруу үчүн максаттарым бар жана аларга жетүү үчүн билимимди жана тажрыйбамды колдонуп, бардык аракетимди жумшаймын. Алдыга койгон алгачкы максатым магистратура даражамды ийгиликтүү аяктаган соң Европа же башка өнүккөн өлкөдө бираз тажрыйба топтоо. Докторантура даражам боюнча ойлонуп турам. Мекенимден алыста көп убакытка калгым келбейт, не бирче жыл тажрыйба алган соң Кырызстанга кайтып, мамлекеттик кызматымды улантам. Мамлекеттик кызматка баруу боюнча каалоом окууну аяктаган соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде бир жыл бою эмгектенүүмө себепчи болду. Кайсыл кызмат менен улантаарым азырынча белгисиз, бирок, эң негизгиси алган билимимди жана тажрыйбамды колдонуп, өлкө үчүн пайдалуу инсан болуу мен үчүн эң маанилүү. Мамлекеттик кызматта бир нече жыл эмгектенген соң, жумушум менен шайкештирип студенттерге сабак берүү максатым бар. Жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, айыл жергесинде чоңоюп, көптөгөн жаштар сыяктуу чоң үмүт дес уштөр менен билим алып, мүмкүнчүлк

 Студенттерди убактысын туура пайдалууга, эмгекчилдикке жана сапаттуу билим алууга чакырам. Студент өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет жасашы керек. Окуу менен бирге коомдук жана спорттук иш-чараларга да катышып турууда пайда бар. Бирок, окуу дайыма коомдук иш-чаралардан жогору турушу керек. Баарын чогуу алып кетсе болот. Ал үчүн күнүмдүк планды кагаз бетине түшүрүп, аны аткарып, керексиз нерселерден айрылыш керек. 2-3 ай ушул методду колдонуу көнүмүш адатка айланат. Көнүмүш адат болсо жашоого айланат!

 Крсө, адам эмнеге умтулса да максаттын тактыгы - ийгиликтин негизи болот турбайбы. Каарманыбыздын иштерине, окууларына ийгилик каалап, келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошкон ишмер, жаштарга билгенин үйрөткөн, тажбасы менен бөлүншкөөн

Даярдаган: Саадат Казакбаева @ kazakbaeva_7

Адамгерчилик адамдын эң мыкты сапаты. Боша убактысынына Тара болгонуна карабая убакыт таап кызыктуу маека куруп бергени үчүн алгач Кесиптик Мектебининой «Жогорку жана ТУРИЗМ Мейманкана Ишетүү» бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Эрмек Темирбек уулун @ ermek.temirbek ыраазычылык билдиребиз. Алдыга чоң талаптарды койгон, максатты көздөй талпынган, ар дайым жакшыга аракет кылган адамдын жашоосундагы бурулуштары, ийгилике кадамдары, макстайаттары анан албетте эстен ксудистик тузпы сундуки анан албетте эстен ксудистик тузики күндлуздекрү

 «Манас» университетине тапшыруу жашоомдогу эң чоң «бурулуштардын» бири болду. Бишкектин «тентек» райондорунун биринен келген мени, бул окуу жай катуу айтып, урушуп, аркаман жүгүрбөй эле, өз «аурасы» менен тарбиялап койду. Чөйрө канчалык түрдө маанилүү экенин ушул окуу жайдан түшүндүм. Кп адамдар деле байкаса керек, башка окуу жайлардан кийин биздин университетке келгенде айырмасы дароо сезилет. Дал ушул «Манас» университетинде демилгелүү, дилгир, билимдүү чөйрө менен чоң жашоого саякатым башталган. «Манас» университетине тапшырганда гана мугалим менен кенен баарлашып, кофе, чай ичип, сабакта пицца жеп, окууну кызыктуу өткөрсө болот экенине ишендим. Мектептеги каардуу мугалимдерден кийин, мынчалык жакшы мамиле кылган окутуучулар мен үчүн өтө чоң жаңылык болду. Бул дагы студент жашоомо шаң кошту. Эми сабактарга кызыгып бара турган болдум.

 

Башында кастингдерге баргандан уялып жүрүп, бир күнү өзүмдү колго алып, радиого барып үн жаздырып кеттим. Ушунчалык начар жаздырганым үчүн, кастингтин жыйынтыгын да угууга барган жокмун (жылмайып). Бирок, жыйынтыкты угууга барган досум Асылбек (учурда КТРКда спорт кабарчы), «радиого өттүң!» деп куттуктап келди. Көрсө, радиодогу мугалимибиз Шаризат Ибраева эже, өзүнүн тажрыйбасына таянып менден бир «чымын» байкап калган экен? Кийин, «Манас» гезитинде да тажрыйба ала баштадык. Гезитте Айпери Сейитбекова эжебиз, раматылык Улан Эгизбаев, Азаттыктын кабарчылары Кубат Касымбеков, Бакыт Асанов сыяктуу көп ага - эжелерибизден билим алдык.

 

Университеттин студенттер үчүн түзгөн шарттарын айта кетпесек болбойт. Кайсы кесипке, спортко, адабий жанрга, бий, ыр түрүнө кызыксаң бардыгын өрчүтүү үчн кулубтар, курстар, кружокторду тапсаң болот. Кээ студенттердин ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай окууну аяктап кеткенине ичим ачышат. Анткени, иш дүйнөсүнө киргенде, тажрыйба топтоо үчүн кайрадан ошол жолду басып өтүш керек болот. Эгер окуп жүргөндө аракет кылып койсо, иш карьерасына өтө чоң жардамы тиет. Ошондуктан, учурда билим алып жаткандарга жана жаңы тапшыра турчу абитуриенттерге университет берип жаткан мүмкүнчүлүктөрүн «майын чыгара» пайдалануусун сунуштайт элемент.

Кесиптик Жогорку Мектепте окуган үчүн колледж даражасында диплом алдык. Бакалавр даражасына улантууну ойлонуп турган кезде Түркиянын «Кастамону» университет сынак жарыяланып, ошол университетке өтүп кеттик. Бул кадамыбыз дагы бизге көп эшиктер ачты. Касатамонуга бир айга жетип жетпеген эле акча менен менен жолго чыга бергенмин. Адамды ырыскысы ээрчип жүрөт деген чын экен, көп өтпөй ишке кирип акча таба баштадык. Жергиликтүү базарларда ысык - суукта иштеп жүрдүк. Иштеп жүргөндө бизди көрүп калган группалаш, мугалимдерден уял күндөрүбүз да болгон. Азыр болсо ошол күндөр бизди такшалтып, чыйралткан экенин байкап отурам. Биз барган жылы кыргыздар аз болгондуктан эч ким тозуп алып, үйгө жайгаштырып, информация берчү эмес, ошондуктан, биринчи убактарда бираз кыйналган элек. Азыр болсо жүздөн ашык кыргызстан студент бар болгондуктан бат эле үй жай,

2016 - жылы күзүндө «Эразмус +» аттуу алмашуу программасы аркылуу Италияга бир семестр окууга мүмкүнчүлүк алдым. Европада окуу менен саякатты айкалыштырып көп мамлекеттерди кыдырып, бала чакта кинодон көргөн тарыхый, туристтик жерлердин көбүн кыдырдык. Италиядан 2017 - жылы жазында кайра Түркияга келип, 2 ай өтпөй элега Америка барууга мүмкүнчүлүк ачылды. 2 жылга академиялык тыныгуу алып АКШга жөнөдүм. Ал жакта көбүнчө иш менен алек болуп, ошол эле убакта өзүмдү өнүктүрүүгө да аракет кылып жаттым. Ар кандай онлайн курстарга, окууларга катышып убакытымды текке кетирбегенге аракет кылып жакшы тажрыйба топтогонго жетиштим. Америкада 2 жылым өтө тездик менен өттү. 2019 - жылы апрель айында кайра Түркияга кайтып келдим.

Албетте, кыял, максат, пландарым өтө көп. Азыркы учурда Түркияда чакан бир иш башында турабыз, андан сырткары глобалдуу дагы көптөгөн иш жүзүнө ашууну күткөн пландарым, пландоону күткөн кыдарым бар. Алардын бары менен бара - бара таанышасыздар деп ишенем. Мындан сырткары соцтармактарда да саякат, билим, мотивациялык долбоор баштоонун алдында турам. Инстаграм, Ютуб, Фейсбукта биринчи видеолорду жарыяладым. Мындан ары да акырындык менен элибизге, өзгөчө жаштарыбызга кыргыз тилинде жакшы маалыматтарды сунууну көздөп жаткан учурум.

Эң жакшысы

«үй - университет - үй» аттуу маршруттан баш тартып, активдүү болуп, келечек фундаментти «Манастан» куя баштоо керек. бардыгы университеттин түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөрүн 100 пайыз пайдаланып, өз керегине жаратып, мыкты инсан болууга жетишкен.

Дагы маанилүү нерсе, убакытты пландап, максаттарды кагаз үстүнө жазууну азыр баштоо керек. Мен бираз кеч баштап калганыма өкүнөм, анткени кагаз бетине түшкөн, конкреттүү гана ойлор, пландар ишке ашат экенин кийин сездим. Ошондуктан азыртадан дептер, калем менен достошкула демекчимин.

Даярдаган: Саадат Казакбаева

«ЖАСАБАЙ ӨКҮНГӨНЧӨ ЖАСАП ӨКҮНГӨН ЖАКШЫ»

Көздөгөн максатка жетүү үчүн талбаган аракет керек. Бул жолку маегибиз өтө аракетчил, позитивдүү жана ийгиликтерди багындыруу жолуна түшкөн бүтүрүүчүбүз Асел Акматалиева менен болду. Окуган ар бириңиздерде өзүңүздөргө болгон ишеним дагы да бекемделип, эң сонун ойлорду ойлонуп, кыялыңыздардагы иштерди ишке ашыруу үчүн аракетке өтөсүздөр деген ойдомун. «Кыргыз-Түрк« Манас »университети аракетчил студенттер үчүн өзүн өнүктүрүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Кыргызстандагы эң алдыңкы окуу жайлардын биря. Алы жердны билит алгоританымды жана аталган университеттин бүтүрүүчүсү болгонумду сыймыктануу менна айта алам. Өзгөчө коммуникация факультетинин бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн медиа-секторунда ийгиликтүү иш алып барып, «Манаста» студент болуп жүргөн кезде окуу менен катар эле теориялык радио жактан алыпан билиманимдиеклык, жактан аллеган билиманимдиеклык, ж телевидение жактан бекемдөө максатында гезит, радио, телевидение жана маалымат и агентедтиктеринде. 3-курсту аяктагандан кийин университет аркылуу Түркиянын алдыңкы медиа булагы болгон Анадолу агенттигинде практикадан өт насип болду. Ошол эле 3-курста Түркияда 28-жолу өткөн Айдын Доган атындагы жаш медиа-адистери фестивалында ТВ репортаж категориясында байгелүү орунду камсыздоого жетиштим. Булар менен катар эле Кыргызстанда да журналистика жан кино жаатында уюштурулган конкурстарг катышыпа, алдыңк орундарг ээ болгонумду жан булардан да маанилүүсү мага жол көрсөткөн агай-эжелерди жол көрсөткна агай-эжелерди жол крсөткна агай-эжелерди жол крсөткна агай-эжелерди жол крсөткна агай-эжелерди жол крсөткна агай-эжелерди жол крсөткн агай-эжелерди жолдостордутйкм Ушул кезге чейин «Манасты» бүтүп, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде иштесем деген гана максатым бар болчу. Өтө кичинекей план коюп алганымды өлкөбүздөгү ошол алдыңкы медиа агенттиктеринин биринде иштеп жатып түшүндүм. Ооба, бир кесипте тажрыйбалуу жана мыкты адис болуш үчүн убакыт талып кылынат. Бирок ички сезим бир жыл болобу, эки жыл болобу чет өлкөнүн жашоосун көрүп келип, кийин дело Кудай буюрса и бересиң деди. Мен да аны уктум. Көрсө чоңураак ойлонуп, бийик максат коюш керек экен. Жаш кезде, энергия барында жана мүмкүнчүлүк болуп турганда эл, жер көргөнгө эмне жетсин? .. эки жыл болобу чет өлкөнүн жашоосун көрүп келип, кийин дело Кудай буюрса и бересиң деди. Мен да аны уктум. Көрсө чоңураак ойлонуп, бийик максат коюш керек экен. Жаш кезде, энергия барында жана мүмкүнчүлүк болуп турганда эл, жер көргөнгө эмне жетсин? .. эки жыл болобу чет өлкөнүн жашоосун көрүп келип, кийин дело Кудай буюрса и бересиң деди. Мен да аны уктум. Көрсө чоңураак ойлонуп, бийик максат коюш керек экен. Жаш кезде, энергия барында жана мүмкүнчүлүк болуп турганда эл, жер көргөнгө эмне жетсин? ..

 

Көз караштар секунд сайын өзгөрүп жатат. Бул нерсе жакшы, же жаман экенин толук түшүнө элекмин. Учурда Түркияда Сельчук университетинде радио, телевидение жана кино бөлүмүндө магистратурада окуп жатам. Негизи бакалаврдык билимимди жогорулатайын деген планым жок болчу. Бул жакка келүү чечимин кабыл алгоританда жакындарым жана тааныштарым таң калды. Анткени баары мени журналистика тармагында иштейт, мындан ары билимин жогорулатпайт деп ойлошкон экен. Азыр ойлоп көрсөм «Манаста» окуп жүргөн кезде окуудан чыгып эле жумушка жөнөп, башка көпчүлүк студенттер сыяктуу «кантинде» отуруу, же сабактан кабактан кобактан кобактан группалаштар бестарин менсан дэменд менс менс. Бакалавр окуп жатканда практика басым жасап, сынактарга да даярданчу эмесмин. Бирок жакшы эле балл алчумун. Ал эми азыр магистратура окуп жатып эч жерде иштебей жатам. Мындай окуу менен гана алек болгон учурга дагы деле көнө албай YouTube каналым үчүн видео даярдап жатам. Студенттик жашоону мен эми көрүп жаткандаймын. Анткени мен элестеткендей илимий макалаларды анализдеп, көп-көп китеп окууга жана сынактарга даярданып кирүүгө туура келип жатат.

Түркиянын эли жардам бергенди жакшы көрөт. Менин тармагыма байланыштуу медиа, кино, сериал тармактары бизге караганда бир топ алдыда. Башкысы бул өлкө мага жагат. Жашоомдо кандай окуялар, же бурулуштар болбосун баары жакшылыкка деп жооруп коем жана туура чечим болгонуна ишенүүгө аракет кылам. Таза ой, ак ниеттүүлүк болгон жерде түшүнбөстүктөр жана кыйынчылыктар убактылуу болсо керек. Чоң бир ийгилик жараттым деп айтуудан таптакыр алысмын. Бирок алдыга койгон максаттарыма жетүүдө эң биринчи кезекте каалоом жана өжөрлүгү себеп болуп келет. Бир нерсени кааласам жана мээмде элестетип алсам иш жүзүнө ашыргым келе берет. Жасабай өкүнгөнчө жасап өкүнгөн жакшы деп эсептейм.

Эгер бир тармакты катуу жакшы көрсөңөр ошол тармакта өзүңөрдү өнүктүргүлө, ал эми эгер айланаңар силер каалагандай болбой жатса өзүңөрдү издегиле!

Даярдаган: Саадат Казакбаева @ kazakbaeva_7

Окуу жайды аяктап, дүйнөнүн булуң-бурчунда окуп, иштеп жүргөн бүтүрүүчүлөрүбүздүн университетибиз жөнүндөгү ойло ойло, алардын жетишкендиктери бизде бизде кызынбай-болфексы жетишкендиктери бизде кызыгуйсой болтынс жетишкендиктери бизде кызыгуйсій болтсайты жетишкендиктери бизде кызыгуйзыголайн житан. Тагыраагы эмгекчил, ийгиликтүү биз сыймыктанган, башкаларг үлгү кылган "Манастын" бүтүрүүчүлөрүнүн бири Айчүрөк Омокоева менна: "Манаска" жакындарымдын сунушу менен күтүүсүздөн тапшырып калып өткөм.Окуу башталганда окутуучулардын сабак өткөнүн, университеттин тазалыгын, бизг түзүп бергена мүмкүнчүлүктөрүны көрүп була жака тапшырганыма кубангам.Мугалимдера болгон күчү менен бизге бир нерсени үйрөтгө, келечегибизди түптөшүбүзгө салым кошууга аракеттенишчү. өз күчү менен бир нерсеге жетүүгө аракет кылган жаштарды чогултканында.Мисалы биздин группада баардыгынын бийик мотивация сезилип турчу.

Бир-бирибизди карап түздөнүп, болушунча жакшы окууга аракет кылчубуз. "Манастыктарды" бир сөз менен "эмгекчилдер" десем болот. Учурда Германиядагы Дрезден техникалык университетинде магистратурада окуйм. DAAD студенттердин окуусу үчүн баардык шартты түзүп берген сонун программалардын бири. Ай сайына берилүүчү стипендия, окуий программалары өтө ынгайлуу.Эл аралыка университета болгондуктаны жолугушуулар, кечелер, көргөзмөлөр көп болупа турат.Индияданы, Австралияданы, Америкаданы, Азияданы жан башка жактаны окууг келгендер бар.Алар менен таанышуу адамдын дүйнө таанымынын кеңейишине таасир берет.Балким ага чейин стереотиптерин болгон болсо, оюң толугу менен өзгөрөт. Мен келечектеги пландары тууралуу айткандардан эмесмин.Анткени мен үчүн өзүмдү, жаккан нерселеримди табуу маанилүү. Таптым деп айта албайм, издөөдөмүн. Кандайдыр биржевой принциптерди, чектөөлөрдү коюунун кереги жок. ХХI кылымда бат-бат жаны нерселер, түрдүү шарттар чыгып турат.Аларды үйрөнүү, коомдун агымынан артта калбай кетүү маанилүү.

Бир нерсени баштоодо даяр эмесмин, кыла албай калам, азыр убагы эмес деп коркпош керек. Старт үчүн, өзгөртүү үчүн идеалдуу убакыт болбойт. Болгону уб биракта чечкиндүү болуп баштап салуу керек. Андан ары жаны иш чыгат, аласын, кошосун, өзгөртөсүн, эн негизгиси өнүгөсүн. Келечекте башкаларга кеңешим, коркпостон баардык нерсеге аракет кылып көрүү керек, турмуштун ачкычы ар бир адамдын өз колунда. 

 

Даярдаган: Саадат Казакбаева

Азыркы учурда биздин жашообузда өтө керектүү жана актуалдуу кесиптердин бири ветеринар. Бул кесиптин ээлери башкалардан өзгөчө болушат. Өтө боорукер, аяр, кайрымдуу, жан дүйнөсү табиятка жакын. Бул жолку маектешүү мен үчүн өзгөчө болду. Ичимде башкача бир ойлор пайда болду. Сиздер да окуп көрүп, таасир аласыздар деген ойдомун. "Күчтүүлөр алсыздарга зомбулук кылса, мен ошого капа болуп кейийм! Биз жаныбарлардын эмчилери адамдар менен жаныбарлардын ортосундагы  көпүрө сыяктуубуз. Биздин аракетибиз жардам сурай албагандарга  багытталган. Аларга жардам берүү үчүн болгон күч-билимибизди жумшайбыз. Бул кесиптин ээси болуу-мен үчүн сыймык"-дейт ветеринария бөлүмүнүн эң мыкты, үлгүлүү бүтүрүүчүсү Даяна Алымбаева. Өткөндү эстеп, азыркыны айтып, келлечектеги ойлору менен бөлүшкөн бул маек албетте окуу жайыбызда өткөргөн жылдарды сөз кылуудан башталды:  Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окуп, бүтүрүүчүсү болгондугума сыйымыктанам. Себеби бул жакта түзүлгөн шарттар мыкты. Илимдуу, тажрыйбалуу мугалимдер сабак беришет. Окуу бөлмөлөрү да жарык, эмеректер ыңгайлуу, жарашыктуу. Жөнөкөй көрүнгөнү менен бул нерселер окуубузга маанай, каалоо жаратат. Мисалы бизге мал эмдөөчүлөр үчүн атайын бейтапкана мекемеси курулган. Окуу жылынын ичинде биз  талдоо жолун, ооруга диагноз коюну, терапия ыкмасын, жаныбарларга тамак берүү, багуу жана  ооруган жаныбарларга мамиле жасоону үйрөндүк. Менин оюмча биздин кесип үчүн практика чоң мааниге ээ, биз бул жылдары теория менен практиканы айкалыштырып окудук. Ал жылдар аябай сонун, эсте каларлык болуп өттү. Эжей-агайларыбыз ар тараптан көмөк көрсөтүшүп, арабызда жылуу мамиле түзүшүп, эч нерсеге чек, тыюу салышкан жок. Ошол жылуу мамиле мага таасирин берди. Мугалимдерибиз сабакты кызыктуу кылып, көп нерсени түшүндүрүүгө аябай аракет жасашат. Арадан бир канча убакыт өтсө да баардыгыбыз сагынып, сүйүктүү окуу жайыбыз менен байланышып турабыз.

Учурда Жапониядагы өтө ири жогорку Нихон Дайгакуда окуу жайында билим алууну улантуудамын. Университет кооз Фуджисава  шаарында жайгашкан. Тамак-аш тазалыгы боюнча окуу бөлүмүн өздөштүрүүдөмүн. Менин устатым Жапониянын белгилүү, таланттуу илимпозу. Азыркы тапта Жапонияда жапайы доңуздарды тамак-ашка колдонууга суроо коюлууда. Ошондуктан колдонуудан мурда, адамга зыянчылыгы барбы жокпу изилдөө максаты коюлган.  Дал ушул теманын үстүндө иштөөдөмүн. Микробиология  жана коомдук тамак ашка  камкордук көрүү. Микробиология сабагын окуу жайда эле  жакшы көрчүмүн.  Четинен тилектерим орундалып жатканына кубанычтамын.  Жапониянын тарыхы, маданияты, басып өткөн жолу, менталитети да өтө кызыктуу. Жапондор сылык, жумшак, жардам берүүгө дайым  даяр. Өз иштерине тыкан жана так. Бул жерден көп жаңы нерсени үйрөндүм. Бирок билим алуу тамчы сыяктуу, аны толтуруу убакытты талап кылат. Билбегениңди үйрөнүү кызыктуу, пайдалуу. Ошондуктан биринчи максатым билим алуу. Өзүм өздөштүргөндөн кийин башкаларга үйрөтүү.  Адам кандай гана максат койбосун ага жетүү өз колунда. Албетте жакындардын колдоосу да чоң мааниге ээ. Айткан сөзүң баарына белгилүү болушу мүмкүн, а бирок ичиңдеги  рухий күч өзүңдөн башка эч кимге белгилүү эмес. Сырттан канчалар колдоо көрсөтпөсүн, өзүңө-өзүң ишенип, колдоо көрсөтпөсөң тыянак чыкпайт. Бир нерсени ишке ашырууда алгачкы колдоо, ишеним өзүңдө болушу керек деп ойлойм.  Жапонияга кеткенге чейин "Манастагы" жаныбарлар бейтапканасында иштегем. Азыр окуп жаткандар менен байланыштамын. Баардыгы боорукер улан-кыздар, ички дүйнөлөрү наристеники сыяктуу аруу-таза. Алардан жана башка баардык студенттерден көптү күтөм.  Калыс, чыдамкай, оор басырыктуу болуп, кыйынчылыктар болсо туруштук берип, өз ишиңердин мыкты адиси болгула! Келечек биздин колубузда экенин унутпагыла!

Даярдаган: Саадат Казакбаева @kazakbaeva_7