Кыргыз-Түрк  “Манас” университети алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 2001-2002-окуу жылында уядан учурган.  Азыркы учурда 12 өлкөдөн  жана 23 боордош түрк тектүү калктардан бардыгы болуп  6160 бүтүрүүчүбүз бар.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2006-жылдын 21-апрелиндеги ГР0042381 номерлүү жарлыгы менен расмий түрдө ишке киришкен.

Университет өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен ар дайым төмөндөгү тарзда тыгыз байланышта болуп келет:

  • Бардык бүтүрүүчүлөр менен телефон жана социалдык тармактар (Фейсбук, Твиттер ж.б.) аркылуу байланыш түзүлүп, анализдер даярдалып турат.
  • Жылына эки жолу Ректораттын катышуусу менен өткөрүлгөн жыйындарда Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы аткарылган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берип, алдыга койгон максаттары менен бөлүшүп келет.
  • Университетибизде өткөрүлүп турган маанилүү иш-чараларга ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүбүз ар дайым чакырылып турат. Андан сырткары бүтүрүүчүлөрүбүз студенттик клубдардын иш-чараларына жигердүү катышып, иш-тажрыйбаларын студенттерибиз менен бөлүшүп келишет. Ал эми университетибиздин факультеттери жана Жогорку кесиптик мектептери бүтүрүүчүлөрүн ар түрдүү жыйындарга чакырып, таанышуу кечелерин уюштурууну салтка айлантышууда.
  • Бүтүрүүчүлөр тарабынан түзүлгөн Карьера борбору талаптарга ылайык жаңы бүтүрүүчүлөрдү иш орду менен камсыз кылууда жигердүү иш жүргүзө баштады.
  • Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын демилгеси жана университетибиздин колдоосу менен жай айларында бүтүрүүчүлөрдүн байланыштарын бекемдөө жана алдыга коюлган пландар боюнча ой-пикирлерин билүү максатында Ысык-Көлгө эс алуу программалары дагы ишке ашырылып келет. Аталган эле иш-чара кыш айларында “Кышкы экскурсия” аталып бүтүрүүчүлөрүбүзгө өзгөчө маанай тартуулап келет.
  • Бүтүрүүчүлөрүбүзгө университетибиз тарабынан атайын Бүтүрүүчүнүн күбөлүгү даярдалып берүүдө. Бул күбөлүктөр аркылуу бүтүрүүчүлөрүбүз университетибиздин бардык кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

 

Байланыш:

Бишкек ш., Кыргызстан,
Ч.Айтматов проспектиси, 56
Башкы имарат, 1-кабат, 110-бөлмө
тел.: +996 (312) 54-19-42 (кошумча 160)
эл. дарек: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.