Урматтуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрү!

КТМУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясына мүчө болуу жана Бүтүрүүчүнүн күбөлүгүн алуу үчүн мүчө каттоо формасын толтурушуңуз керек. Күбөлүк толтурулган форманы бизге жөнөткөндөн кийин 1 жума ичинде даяр болот. 

БҮТҮРҮҮЧҮНҮН КҮБӨЛҮГҮНӨ ЭЭЛИК КЫЛГАН ТАРАП:
   1. Университетибиздин кампусуна жана башкы имаратына күбөлүк менен кирүү мүмкүнчүлүгүнө;
   2. Университетибиздин кантин-кафетериясынын кызматтарынан колдонуу мүмкүнчүлүгүнө;
   3. Университетибиздин китепканасынын окуу залдарынан жана компьютерлеринен колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө;
   4. Университетибиздин ачык жана жабык спорттук комплекстеринен алдын ала жазылуу жолу менен колдонуу
       мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.