Ийгиликке жетүү үчүн байлык, бийлик, мансап эмес билим керек. Билим алууда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, анан албетте аны колдоно билүү, сиңирип алууга аракет кылуу маанилүү. "Кимде-ким ийгиликке жетүүнү кааласа, бир нерсе жасагысы келсе, анда китептен, билимден баштасын", -деген ар бирибизге керектүү кеңешин берген сыймыктуу бүтүрүүчүбүз Эсен Жуманов менен болгон ары кызыктуу, ары пайдалуу маегибизге көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Даамдуу жана сапаттуу пиццалар көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланганы жашыруун эмес. Эсен Жуманов  дал ошол Dodo Pizza коомдук тамактануу жайларынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
" Манас"университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүн 2013-жылы ийгиликтүү аяктаган. Студенттик жылдарынан тарта убакытты текке кетирбей, ар кандай аналитикалык институттарда стажер болуп, 2-курсунун аягында изилдөө институтунун экономика тармагында толук айлыка иштей баштаган. Окуу жайды аяктап жатканда изилдөө бөлүмүнүн директору кызматында болгон. Андан жарым жыл өтпөй бизнес ассоциациясынын директорлугуна вакансия бар экенин көрүп, 50дөн ашык талапкердин ичинен суурулуп чыгып, Bishkek Business Group бизнес ассоциациясынын директору кызматына орношкон. Булардын баардыгы келечектеги бизнесменге тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк болгонун баса белгилейт. Бизнес ассоциациясындагы 2 жыл окуучу кезинен тартып билимге ашыккан, китепти колунан түшүрбөгөн, окууга тапшырып жатканда да интеллектуалдык иш менен алектенем деген адамга жүрөгүнөн каалап жаткан ишин баштоого түрткү болгон. 25 жашында өнөктөштөрү менен бизнес жолун баштап, Dodo Pizza коомдук тамактануу жайларын ачышкан. Саякаттап жүргөндө чыныгы кинодогудай сапаттуу пиццанын даамын татып көрүп, франчайзинг менен жөнөкөй адамдардын да укмуштуудай даамды татып көрүшү үчүн бираз Батыштын, дүйнөлүк, эл аралык маданиятты айкалыштырышып Кыргызстанга алып келишкен. Пиццанын курамындагы ар бир азык таза, сапаттуу. Алар чет өлкөдөн түз алынып келинет.

Адамдын көңүлү каалаган иш менен алектенүүсү улам алдыга кадам таштоого шык берип турат. Кайсы тармак болбосун адам көп окушу керек экенин төмөндөгү сөздөр тастыктап турат:
"Мага түрткү берген капыстан колума тийген Роберт Кийосакинин " Бай Ата, Кедей Ата" китеби болду. Аны ушунчалык тездик менен окуп бүттүм. Анан башка китептерине кириштим. Дал ушул китептер бизнес кылууга мүмкүн экенин, аны кантип баштоо керектигин көрсөттү. Ушундан баштап экономика жөнүндө көп окуп, бул жаатта жыйынтыкка жеткен адамдар менен бир чөйрөдө боло баштадым. Ошентип мен бизнес эмне экендигин, анын эрежелерин үйрөндүм. Карапайым үй-бүлөдө чоңойгон менин чек араларымды билим алууга болгон аракетим жыга алды. Ойлонбо, башта дешет. Бирок бул кооптуу. Ар тармакта билим иш аракеттин фундаменти болот".
Биздин бүтүрүүчүлөрдүн өзгөчөлүгү окуу жайыбызга болгон сүйүүсүнүн чексиздигиндеби деп ойлоп кетем. Окуу жай жөнүндө айтып жаткан ар бир сөзүнөн көзүндөгү сагынууну, сыймыктанууну, толкунданууну, жүзүндө пайда болгон ууртунан жылмаюусун көрөм.

 
"Мен университетиме аябай ыраазымын. Алгачкы күндөн тарта мугалимдерин, чөйрөсүн, атмосферасын жактырдым. Өлкөбүздөгү коррупция жок, баардыгы бир деңгээлде болгон, билимдин баалуулугун сактаган университет. Билимди акчага сатып алуу мүмкүн эмес экендигин, ага маңдай тер, талыкпаган эмгек, тырышчаактык менен ээ боло алаарыбызды тастыктап турат. Азыркы күндө группалаштарымдын бири мамлекеттик кызматта, бири бизнес тармагында, бири адистиги боюнча чет өлкөдө иштеп жүргөн чагы. Алар убагы келгенде өлкөбүзгө тажрыйба топтоп кайтып келип кызмат кылышат. Башкача айтканда " Манас" өлкөнү өнүктүрө турган жаштарды тарбиялап чыгарат.
Ошондой эле көп улуттун башын бириктирип турганы ар бирибизди өзгөрүүгө, дүйнөнү кабыл алууга ачык болууга үйрөтөт.
Жалпысынан даамдуу тамактары, чоң китепканасы, интернети, компьютердик класстары мезгилинде менин өнүгүүмө чоң салымын кошту. Окуу жайыбыздын баалуулуктарын жоготпой, дагы көптөгөн жаштарга билим берип, гүлдөп-өсүшүнө, мендей карапайым балдарга, бир натыйжага жетишине, коомго пайдалуу болушуна себепчи болушун каалайм".
Беш жыл аралыгында кардарларын таап, бизнес жолун жөнгө салып кеткен агабыз дагы да алдыга максаттарды, милдеттерди, пландарды коюп талыкпастан изденип келет.
Азыркы тапта Вьетнамдын Хошимин шаарында жүргөн ишкер, ал жакта да пиццерия чекитин ачууга камылга көрүп жаткан чагы.
Убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирип, жашоодо, ишиңизде ийгиликтерди каалайбыз!

 


Даярдаган: Саадат Казакбаева