2021-жылдын 14-18-июнь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин административдик кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында  административдик жардамчы, катчылык иши, кеңсе иш кагаздары жана маалымат менеджменти боюнча семинар-тренинг уюштурулду.

Семинар университеттин  К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында ѳтүп, анда иш кагаздарын жүргүзүү, офис-протоколу жана адептүүлүк эрежелери, убакытты туура пайдалануу, адамдарга сылык мамиле жасоо ж.б. тууралуу маалыматтар берилди.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейландын катышуусу менен башталган семинардын катышуучуларына ректорат тарабынан сертификаттар тапшырылат.

 

Медиа Манас