2021-жылдын 18-майында Түркиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшыргандан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапары менен келди.

Жолугушуу ректоратта ѳтүп, ага университет жетекчилери жана факультеттин декандары катышты. Анда КТМУнун таанытуу тасмасы кѳрсѳтүлүп, факультет жетекчилери ѳздѳрүн тааныштырышты.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев элчи Ахмет Садык Доганды дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин айтышты. Ошондой эле эки ѳлкѳ ортосундагы мамилелердин ѳнүгүүсүнѳ салымын кошоруна жана элчиликтин колдоосу менен университетте кѳптѳгѳн иштер жасала турганына ишенимин билдиришти.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган ѳз сѳзүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшыргандан кийинки алгачкы иш сапарын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен баштаганын айтты. Ал коомго пайдалуу жаштар мыкты билим менен гана тарбияланышы мүмкүн экендигин баса белгилеп, КТМУнун ийгилиги үчүн тыгыз кызматташтык болоорун билдирди.

Ошондой эле жолугушууда Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын тапшырмасы менен КТМУда заманбап технологиялар менен жабдылган медициналык факультетин куруу үчүн бардык жумуштар жасала тургандыгы айтылды.

Медиа Манас