Эмгек, талыкпас аракеттин аркасында ийгиликтерди багындырып, дүйнөлүк ашканада өз ордун тапкан Нуркыз Бектурова кесибиң менен ийгилике жетүүнүн бирден-бир себеби жүрөгүңө жаккан, көңүлүңө толгон ишти тандай билүүдө дейт.

 Жер Ортолук деңиздин так ортосунда, Италиянын түштүгүндө, Ливиянын түндүгүндө жайгашкан Мальтада жашап, иштеп жаткан сыймыктуу бүтүрүүчүбүз иши, карьера жолу, Мальтанын  менталитети, туризм тармагы, өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, бул тармакта окуп жаткандарга кеңештери менен бөлүштү.

    Мен 2003-жылы Нарындан орто мектепти аяктап, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Туризм факультетине тапшыргам. Биринчи курсту аяктаганда Бишкектеги Hyatt Regency мейманканасына практикага барып ашканасында баштагам. Бирок ага карбай кондитердик цех абдан жагып калган. Эң биринчи жолу цехтин жанынан отуп бара жаткандагы "аромат" жагымдуу жыт азыркыга чейин эсимде. Балким дал ошол учур кондитер болом дегем чечим чыгарышыма түрткү берген.

Жайкы практикадан кийин мейманкана тарабынан жумуш сунушталып, кондитердик цехинде расмий түрдө иштеп баштагам. Окуумду аяктаганча окуп жана иштеп жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде ал жактагы башкы ашпозчу Кардино мага, Дубайдагы  мейманканалардын  бирине которууну сунуштады. Мен кубанып, дароо макул болдум.  Ошону менен окууну аяктап, Hyatt Place Dubai мейманканасына  которулуп кеттим. Дубайдан мага көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылды.

  Чет жерде иштөөнүн артыкчылыктары көп. Ой жүгүртүүң, чөйрөң кеңейет. Чет жерге чыгуу профессионалдык, жеке инсан катары өсүп-өнүгүүмө салымын кошту. Тил үйрөндүм, көптөгөн ар кайсы улуттагы досторду күттүм, саякат кылганга дагы убакыт таба алдым. Андан сырткары кондитер катары чет өлкөгө чыгып иштөөнүн пайдасы өзгөчө чоң. Мисалы Франция кондитердик искусствонун мекени болуп саналат. Европада жашаганым үчүн Францияга, Италияга барып жабдууларды карап, азыктарды көрө алам. Же ар кандай тренингдерге, семинарларга, кулинариялык жарманкелерге катышып, жаңы маалыматтарды ала алам. Бул жактан туризм, илим-билим, медицина тармагында өнүгүүлөрдү көргөндө алгач эле Кыргызстанда да ушундай жакшы нерселер болсо деген ой келет. Кыргызстанга алып баргым келет. Ушундай ойдогу адамдар дүйнөнүн ар тарабында көп болсо керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо алган билимибизди, топтогон тажрыйбабызды колдонуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымыбызды кошсок дейм.

       Туризм тармагында жаны кадам таштайын деп жаткан жаш адистер, Туризмдин кайсы тармагында иштесеңер дагы чын дилиңер менен берилип, иштеген ишиңерди жүрөгүңөр менен жакшы көрүп кылсаңар ийгилике жетишесиңер.

Иштеген ишиңердин  эң негизги максаты финансылык пайда болбошу керек. Анткени адам качан гана кылган жумушун чын жүрөгү менен сүйүп кылса, өзү дагы бактылуу болот жана финансылык жактан да максаттарына жетише алат.

     Мальта-  климаты, тазалыгы, жаратылышы, өнүккөн инфраструктурасы, коопсуздугу жана жергиликтүү элдин чет жерликтерге кылган мамилеси менен өзгөчөлөнүп турат. Деңизи абдан кооз, эли кичипейил, өтө жөнөкөй. Элдердин жашоосу жайбаракат өткөндөй сезилет. Чоң-чоң шаарларда, жада калса Бишкекте "суета", шашылуу байкалат. Ал эми бул жакта бардыгы өз нугу менен шашпай өткөндөй. Жашоо, кылган иштери, бир-бирине кылган мамилеси, көрсөткөн сыйы, жылмаюусу, жөнөкөй эле учурашып тургандары жагат.  Кыргызстанга окшоштугу үй-бүлөлүк баалуулуктарды карманып, жогору коюшканында. Жалпы жолунан жергиликтүү элдин менталитети сонун.

     Даярдаган: Саадат Казакбаева