"НЕГИЗГИ ИНЖЕНЕРДИК КҮЧ БОСТОН ЖАНА БЕРЛИНДЕ ЖАЙГАШКАН"

 Университетибизди "мыкты" көрсөткүчтөр менен аяктап, дүйнөнүн төрт бурчунда окуп, иштеп, ийгиликтердин артынан ийгилик жаратып  жүргөн бүтүрүүчүлөрүбүз менен маектешүүдө илим-билим,  адамдын өмүрлүк кадыр-баркы, эмгектен тапкан түбөлүк табылгасы экенине ишенем.  Өз тармагында мыкты адис болууну, чоң ийгиликтерди жаратууну көздөгөн каарманыбыз Нурсултан Турдалиев @nursultan_turdaliev_  жетишкендиктери, топтогон тажрыйбалары, анан албетте унутулгус студенттик күндөрү жөнүндө маегибизде кеп салды: "Университет мен каалагандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди десем болот. Анткени университет түзүп берген мүмкүнчүлүктөр аркылуу Түркияда практика өттүм. Андан кийин Мевлана студент алмашуу программасы аркылуу Гази университетинде бир семестр окуп келдим. Студенттик күндөрүм эң сонун болду. Жакын досторду таптым. Эң мыкты мугалимдерден билим алдым. Билим берген бардык мугалимдерге аябай ыраазымын. Азыркы жетишкендиктериме аябай салымы чоң. Учурунда компьютердик инженерия бөлүм биринчиси болуп бүтүргөнүм эң эле чоң жетишкендик болсо керек. Анткени ошол жетишкендик Түркияда “Түркия Бурслары” аркылуу бекер билим алууга мүмкүнчүлүк берди. Булар менин кийинки ийгиликтериме жол ачты. Дайыма илим-билимге болгон кызыгуум алдыга умтулуума түрткү берет.  Учурда Германиянын борбору Берлинде  Wayfair деген компанияда программист болуп эмгектенем. Платформага жаңы электрондук төлөө ыкмаларын интеграциялоо, аларды жакшыртуу, жана платформаны модернизациялоо менен алекмин.

Компания тууралуу айта турган болсом, компания 2002- жылы Бостондо негизделген. Электрондук соода-сатык тармагында иш алып барат. Жалпысынан 12 000 жумушчу эмгектенет. Негизги инженердик күч Бостон жана Берлинде жайгашкан.

Эмне иш кылсаң да, жоопкерчилик менен мамиле кылуу, ишиңди жогорку деңгээлде аткарууга, мыкты жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылуу керек. Ошондой эле мен үчүн күн сайын адам бойдон калуу да эң маанилүү. Ал эми  профессионалдык чөйрөдө “дарак бир жерден көгөрөт” деген принципке таянганга аракет кылам. Бул принцип өзүмө керектүү болгон гана нерселерге көңүл бурууга, үйрөнүүгө жардам берет.

Антпесе акыркы маалыматтардын көптүгү (“избыточность инфорации”) болгон чөйрө адамды бат эле адаштырып коёт. "Манас" университетин түзүп берген мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү системасы, кампусу жана жалпы эле студенттик атмосферасы боюнча Кыргызстанда эң мыкты университет деп эсептейм, ал жакта окуганымды кубануу менен эскерем.

Студенттик күндөрдү пайдалуу, жакшы, кызыктуу өткөргүлө. Анткени андан кийинки жасай турган кадамдарыңар ага байланыштуу". Өз чөйрөсүндө кадыр-барктуу, ишинде жоопкерчиликтүү, адамдык асыл сапаттары бийик, эң негизгиси өтө жөнөкөй адамдын окуу жайыбыздын сыймыгы болгондугу жалпыбызды кубандырып, үлгү көрсөтөт.

 

Даярдаган: Саадат Казакбаева @kazakbaeva_7