"Манас" университетим - жашоомдун реформасы!

 

Ар адамга табияттан бардык мүмкүнчүлүктөр берилген, аны туура пайдаланып, үзүрүн көрүү ар адамдын өз колунда. "Жаңа жумушка орношконум бир-нече күна болда„ Computacenter Венгрия“аталышындаг Британиялык компания IT жаатынд кольего көрсөтүү кызматын аткарат. Учурда тренинг өтүп, жумуш процесся менен таанышып жаткана чагый", -дейт көпчүлүккө үлгү көрсөткөн, келечектен дагы көптү үмүттөндүргөн университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Нурбек Орозалиев. @nurbek_orozaliev 

Ааламга жол айылдан башталат демекчи, ийгиликтерге карай багытталган кадамдар кандай жолдорду басып өттү, студенттик күндөр, алдыга койгон максаттар жөнүндө сонун маек курдук. «Манас» университетин эстээр замат көөдөнүмдө сагыныч, ыраазычылык жана жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Анткени, жашоомду реформалап, жаңы деңгээлге алып чыгып, жеке кишилик жана профессионалдык сыпаттарымды өнүктүргөн экинчи үй-бүлөмө ыраазы бол коюю, “Манас” университетининошмм жбоймайн коюю, жбоймайн-эсбойм, жбойм Жүзүмдөгү жылмаюу болсо кызыктуу окуяларды эстеген учурда пайда болот.

 Даярдоо курсун аяктаган соң бир гана окуу менен жүрбөстөн коомдук иш-чараларга да активд катышып баштадым. Студенттик кеңешке караштуу жатакана комитетинин мүчөсү катары баштап, студенттик клубдун президентине чейинки кадамдарды басып өттүм. 2014-жылы «Экономика» клубун вице-президенти, 2015-жылы болсо «Ойлоншоу» интеллектуалдык клубун президенти катары 1 жыл эмгектендим. Клуб башкаруу оңой көрүнгөнү менен убактымдын тардыгынан улам мен үчүн татаал болду. Анткени, даярдоо курсунан баштап эле окуум менен шайкештирип иштеп баштагам. Ошондой эле дал ошол жылы университеттин сууда сүзүү боюнча курама командасында мүчө элемент. Ушулардын баары убактымды туура пайдаланууга, эмгекчилдикке жана тырышчаактыкка тарбиялады десем болот. Эң кызыгы дал ушул жылкы «орталамам» башка жылдарга салыштырмалуу жогору болгон. Демек, адам баласы канчалык бир нерсе менен алек болуп убактысы тар болсо, ошончолук ийгиликтүү болот экен деген жыйынтыкка келдим. Бош убакыт жалкоолукка алып келет деп ойлойм.

 2017-жылы жазгы семестрда Мевлана алмашуу программасы аркылуу Туркиянын Анадолу университетинде окуп келдим. Бул да мен үчүн чоң тажрыйба болду. Университетибиз тарабынан уюштурулган студента конференцияларга ар дайым катышканга аракет кылаар Элемент, анткени, мындай конференция изилдөө жаатында тажрыйба топтоп, келечектеги максаттарыма жетүүмө жардамчы болот.

 Университетти 2018-жылы экономика бөлүмүн кызыл диплом менен аяктап, экинчи үй-бүлөм менен коштошууга аргасыз болдум.

 Учурда Будапештте Будапештский университет Корвинуса жогорку окуу жайында магистратура даражамды окуудамын. Бул жакка Stipendium Hungaricum программасы аркылуу келдим. Программа боюнча окуум акысыз, айлык стипендия, акысыз жатакана жана медициналык камсыздандыруу каралган. Венгрия Европанын так ортосунда жайгашкандыктан жана шенген аймагына мүчө болгондуктан Европаны айлануу аябай ыңгайлуу. Ошондой эле жашоо чыгымы Бишкектикинен көп айырмаланбайт. Европанын эң арзан шаарларынын бири катары айрыкча студенттер үчүн аябай ыңгайлуу.

 Аалы Токомбаевдин «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деп айткан сөзүн өзүмө принцип катары карманам.

Буюрса, ушул принцибимди иш жузүнө ашыруу үчүн максаттарым бар жана аларга жетүү үчүн билимимди жана тажрыйбамды колдонуп, бардык аракетимди жумшаймын. Алдыга койгон алгачкы максатым магистратура даражамды ийгиликтүү аяктаган соң Европа же башка өнүккөн өлкөдө бираз тажрыйба топтоо. Докторантура даражам боюнча ойлонуп турам. Мекенимден алыста көп убакытка калгым келбейт, не бирче жыл тажрыйба алган соң Кырызстанга кайтып, мамлекеттик кызматымды улантам. Мамлекеттик кызматка баруу боюнча каалоом окууну аяктаган соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде бир жыл бою эмгектенүүмө себепчи болду. Кайсыл кызмат менен улантаарым азырынча белгисиз, бирок, эң негизгиси алган билимимди жана тажрыйбамды колдонуп, өлкө үчүн пайдалуу инсан болуу мен үчүн эң маанилүү. Мамлекеттик кызматта бир нече жыл эмгектенген соң, жумушум менен шайкештирип студенттерге сабак берүү максатым бар. Жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, айыл жергесинде чоңоюп, көптөгөн жаштар сыяктуу чоң үмүт дес уштөр менен билим алып, мүмкүнчүлк

 Студенттерди убактысын туура пайдалууга, эмгекчилдикке жана сапаттуу билим алууга чакырам. Студент өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет жасашы керек. Окуу менен бирге коомдук жана спорттук иш-чараларга да катышып турууда пайда бар. Бирок, окуу дайыма коомдук иш-чаралардан жогору турушу керек. Баарын чогуу алып кетсе болот. Ал үчүн күнүмдүк планды кагаз бетине түшүрүп, аны аткарып, керексиз нерселерден айрылыш керек. 2-3 ай ушул методду колдонуу көнүмүш адатка айланат. Көнүмүш адат болсо жашоого айланат!

 Крсө, адам эмнеге умтулса да максаттын тактыгы - ийгиликтин негизи болот турбайбы. Каарманыбыздын иштерине, окууларына ийгилик каалап, келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошкон ишмер, жаштарга билгенин үйрөткөн, тажбасы менен бөлүншкөөн

Даярдаган: Саадат Казакбаева @ kazakbaeva_7