Адамгерчилик адамдын эң мыкты сапаты. Боша убактысынына Тара болгонуна карабая убакыт таап кызыктуу маека куруп бергени үчүн алгач Кесиптик Мектебининой «Жогорку жана ТУРИЗМ Мейманкана Ишетүү» бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Эрмек Темирбек уулун @ ermek.temirbek ыраазычылык билдиребиз. Алдыга чоң талаптарды койгон, максатты көздөй талпынган, ар дайым жакшыга аракет кылган адамдын жашоосундагы бурулуштары, ийгилике кадамдары, макстайаттары анан албетте эстен ксудистик тузпы сундуки анан албетте эстен ксудистик тузики күндлуздекрү

 «Манас» университетине тапшыруу жашоомдогу эң чоң «бурулуштардын» бири болду. Бишкектин «тентек» райондорунун биринен келген мени, бул окуу жай катуу айтып, урушуп, аркаман жүгүрбөй эле, өз «аурасы» менен тарбиялап койду. Чөйрө канчалык түрдө маанилүү экенин ушул окуу жайдан түшүндүм. Кп адамдар деле байкаса керек, башка окуу жайлардан кийин биздин университетке келгенде айырмасы дароо сезилет. Дал ушул «Манас» университетинде демилгелүү, дилгир, билимдүү чөйрө менен чоң жашоого саякатым башталган. «Манас» университетине тапшырганда гана мугалим менен кенен баарлашып, кофе, чай ичип, сабакта пицца жеп, окууну кызыктуу өткөрсө болот экенине ишендим. Мектептеги каардуу мугалимдерден кийин, мынчалык жакшы мамиле кылган окутуучулар мен үчүн өтө чоң жаңылык болду. Бул дагы студент жашоомо шаң кошту. Эми сабактарга кызыгып бара турган болдум.

 

Башында кастингдерге баргандан уялып жүрүп, бир күнү өзүмдү колго алып, радиого барып үн жаздырып кеттим. Ушунчалык начар жаздырганым үчүн, кастингтин жыйынтыгын да угууга барган жокмун (жылмайып). Бирок, жыйынтыкты угууга барган досум Асылбек (учурда КТРКда спорт кабарчы), «радиого өттүң!» деп куттуктап келди. Көрсө, радиодогу мугалимибиз Шаризат Ибраева эже, өзүнүн тажрыйбасына таянып менден бир «чымын» байкап калган экен? Кийин, «Манас» гезитинде да тажрыйба ала баштадык. Гезитте Айпери Сейитбекова эжебиз, раматылык Улан Эгизбаев, Азаттыктын кабарчылары Кубат Касымбеков, Бакыт Асанов сыяктуу көп ага - эжелерибизден билим алдык.

 

Университеттин студенттер үчүн түзгөн шарттарын айта кетпесек болбойт. Кайсы кесипке, спортко, адабий жанрга, бий, ыр түрүнө кызыксаң бардыгын өрчүтүү үчн кулубтар, курстар, кружокторду тапсаң болот. Кээ студенттердин ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай окууну аяктап кеткенине ичим ачышат. Анткени, иш дүйнөсүнө киргенде, тажрыйба топтоо үчүн кайрадан ошол жолду басып өтүш керек болот. Эгер окуп жүргөндө аракет кылып койсо, иш карьерасына өтө чоң жардамы тиет. Ошондуктан, учурда билим алып жаткандарга жана жаңы тапшыра турчу абитуриенттерге университет берип жаткан мүмкүнчүлүктөрүн «майын чыгара» пайдалануусун сунуштайт элемент.

Кесиптик Жогорку Мектепте окуган үчүн колледж даражасында диплом алдык. Бакалавр даражасына улантууну ойлонуп турган кезде Түркиянын «Кастамону» университет сынак жарыяланып, ошол университетке өтүп кеттик. Бул кадамыбыз дагы бизге көп эшиктер ачты. Касатамонуга бир айга жетип жетпеген эле акча менен менен жолго чыга бергенмин. Адамды ырыскысы ээрчип жүрөт деген чын экен, көп өтпөй ишке кирип акча таба баштадык. Жергиликтүү базарларда ысык - суукта иштеп жүрдүк. Иштеп жүргөндө бизди көрүп калган группалаш, мугалимдерден уял күндөрүбүз да болгон. Азыр болсо ошол күндөр бизди такшалтып, чыйралткан экенин байкап отурам. Биз барган жылы кыргыздар аз болгондуктан эч ким тозуп алып, үйгө жайгаштырып, информация берчү эмес, ошондуктан, биринчи убактарда бираз кыйналган элек. Азыр болсо жүздөн ашык кыргызстан студент бар болгондуктан бат эле үй жай,

2016 - жылы күзүндө «Эразмус +» аттуу алмашуу программасы аркылуу Италияга бир семестр окууга мүмкүнчүлүк алдым. Европада окуу менен саякатты айкалыштырып көп мамлекеттерди кыдырып, бала чакта кинодон көргөн тарыхый, туристтик жерлердин көбүн кыдырдык. Италиядан 2017 - жылы жазында кайра Түркияга келип, 2 ай өтпөй элега Америка барууга мүмкүнчүлүк ачылды. 2 жылга академиялык тыныгуу алып АКШга жөнөдүм. Ал жакта көбүнчө иш менен алек болуп, ошол эле убакта өзүмдү өнүктүрүүгө да аракет кылып жаттым. Ар кандай онлайн курстарга, окууларга катышып убакытымды текке кетирбегенге аракет кылып жакшы тажрыйба топтогонго жетиштим. Америкада 2 жылым өтө тездик менен өттү. 2019 - жылы апрель айында кайра Түркияга кайтып келдим.

Албетте, кыял, максат, пландарым өтө көп. Азыркы учурда Түркияда чакан бир иш башында турабыз, андан сырткары глобалдуу дагы көптөгөн иш жүзүнө ашууну күткөн пландарым, пландоону күткөн кыдарым бар. Алардын бары менен бара - бара таанышасыздар деп ишенем. Мындан сырткары соцтармактарда да саякат, билим, мотивациялык долбоор баштоонун алдында турам. Инстаграм, Ютуб, Фейсбукта биринчи видеолорду жарыяладым. Мындан ары да акырындык менен элибизге, өзгөчө жаштарыбызга кыргыз тилинде жакшы маалыматтарды сунууну көздөп жаткан учурум.

Эң жакшысы

«үй - университет - үй» аттуу маршруттан баш тартып, активдүү болуп, келечек фундаментти «Манастан» куя баштоо керек. бардыгы университеттин түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөрүн 100 пайыз пайдаланып, өз керегине жаратып, мыкты инсан болууга жетишкен.

Дагы маанилүү нерсе, убакытты пландап, максаттарды кагаз үстүнө жазууну азыр баштоо керек. Мен бираз кеч баштап калганыма өкүнөм, анткени кагаз бетине түшкөн, конкреттүү гана ойлор, пландар ишке ашат экенин кийин сездим. Ошондуктан азыртадан дептер, калем менен достошкула демекчимин.

Даярдаган: Саадат Казакбаева