Азыркы учурда биздин жашообузда өтө керектүү жана актуалдуу кесиптердин бири ветеринар. Бул кесиптин ээлери башкалардан өзгөчө болушат. Өтө боорукер, аяр, кайрымдуу, жан дүйнөсү табиятка жакын. Бул жолку маектешүү мен үчүн өзгөчө болду. Ичимде башкача бир ойлор пайда болду. Сиздер да окуп көрүп, таасир аласыздар деген ойдомун. "Күчтүүлөр алсыздарга зомбулук кылса, мен ошого капа болуп кейийм! Биз жаныбарлардын эмчилери адамдар менен жаныбарлардын ортосундагы  көпүрө сыяктуубуз. Биздин аракетибиз жардам сурай албагандарга  багытталган. Аларга жардам берүү үчүн болгон күч-билимибизди жумшайбыз. Бул кесиптин ээси болуу-мен үчүн сыймык"-дейт ветеринария бөлүмүнүн эң мыкты, үлгүлүү бүтүрүүчүсү Даяна Алымбаева. Өткөндү эстеп, азыркыны айтып, келлечектеги ойлору менен бөлүшкөн бул маек албетте окуу жайыбызда өткөргөн жылдарды сөз кылуудан башталды:  Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окуп, бүтүрүүчүсү болгондугума сыйымыктанам. Себеби бул жакта түзүлгөн шарттар мыкты. Илимдуу, тажрыйбалуу мугалимдер сабак беришет. Окуу бөлмөлөрү да жарык, эмеректер ыңгайлуу, жарашыктуу. Жөнөкөй көрүнгөнү менен бул нерселер окуубузга маанай, каалоо жаратат. Мисалы бизге мал эмдөөчүлөр үчүн атайын бейтапкана мекемеси курулган. Окуу жылынын ичинде биз  талдоо жолун, ооруга диагноз коюну, терапия ыкмасын, жаныбарларга тамак берүү, багуу жана  ооруган жаныбарларга мамиле жасоону үйрөндүк. Менин оюмча биздин кесип үчүн практика чоң мааниге ээ, биз бул жылдары теория менен практиканы айкалыштырып окудук. Ал жылдар аябай сонун, эсте каларлык болуп өттү. Эжей-агайларыбыз ар тараптан көмөк көрсөтүшүп, арабызда жылуу мамиле түзүшүп, эч нерсеге чек, тыюу салышкан жок. Ошол жылуу мамиле мага таасирин берди. Мугалимдерибиз сабакты кызыктуу кылып, көп нерсени түшүндүрүүгө аябай аракет жасашат. Арадан бир канча убакыт өтсө да баардыгыбыз сагынып, сүйүктүү окуу жайыбыз менен байланышып турабыз.

Учурда Жапониядагы өтө ири жогорку Нихон Дайгакуда окуу жайында билим алууну улантуудамын. Университет кооз Фуджисава  шаарында жайгашкан. Тамак-аш тазалыгы боюнча окуу бөлүмүн өздөштүрүүдөмүн. Менин устатым Жапониянын белгилүү, таланттуу илимпозу. Азыркы тапта Жапонияда жапайы доңуздарды тамак-ашка колдонууга суроо коюлууда. Ошондуктан колдонуудан мурда, адамга зыянчылыгы барбы жокпу изилдөө максаты коюлган.  Дал ушул теманын үстүндө иштөөдөмүн. Микробиология  жана коомдук тамак ашка  камкордук көрүү. Микробиология сабагын окуу жайда эле  жакшы көрчүмүн.  Четинен тилектерим орундалып жатканына кубанычтамын.  Жапониянын тарыхы, маданияты, басып өткөн жолу, менталитети да өтө кызыктуу. Жапондор сылык, жумшак, жардам берүүгө дайым  даяр. Өз иштерине тыкан жана так. Бул жерден көп жаңы нерсени үйрөндүм. Бирок билим алуу тамчы сыяктуу, аны толтуруу убакытты талап кылат. Билбегениңди үйрөнүү кызыктуу, пайдалуу. Ошондуктан биринчи максатым билим алуу. Өзүм өздөштүргөндөн кийин башкаларга үйрөтүү.  Адам кандай гана максат койбосун ага жетүү өз колунда. Албетте жакындардын колдоосу да чоң мааниге ээ. Айткан сөзүң баарына белгилүү болушу мүмкүн, а бирок ичиңдеги  рухий күч өзүңдөн башка эч кимге белгилүү эмес. Сырттан канчалар колдоо көрсөтпөсүн, өзүңө-өзүң ишенип, колдоо көрсөтпөсөң тыянак чыкпайт. Бир нерсени ишке ашырууда алгачкы колдоо, ишеним өзүңдө болушу керек деп ойлойм.  Жапонияга кеткенге чейин "Манастагы" жаныбарлар бейтапканасында иштегем. Азыр окуп жаткандар менен байланыштамын. Баардыгы боорукер улан-кыздар, ички дүйнөлөрү наристеники сыяктуу аруу-таза. Алардан жана башка баардык студенттерден көптү күтөм.  Калыс, чыдамкай, оор басырыктуу болуп, кыйынчылыктар болсо туруштук берип, өз ишиңердин мыкты адиси болгула! Келечек биздин колубузда экенин унутпагыла!

Даярдаган: Саадат Казакбаева @kazakbaeva_7