Сынакка кимдер каттала алат?
КТМУнун 2022-жылдагы студент кабыл алуу сынагына төмөндөгү шарттарга жооп берген абитуриенттер каттала алат:
Сынакка кимдер каттала албайт?
КТМУнун 2022-жылдагы Студент кабыл алуу сынагына төмөнкү абитуриенттер каттала албайт:
Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер
Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына электрондук форматта тапшырылышы керек:
«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»
Эсептин номери: |
1180000199932061 |
БИК |
118004 |
SWIFT |
DEMIKG22 |
Демир банктын кассасынан төлөнгөн квитанцияларда сөзсүз абитуриенттин аты-жөнү көрсөтүлүшү керек.
Каттоо акысы катары жалпы сынакка кирүү үчүн 500 сом, англис тили сынагына кирүү үчүн кошумча дагы 500 сом төлөнөт. Англиис тили сынагынын жыйынтыгы Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче котормочулук программасы, Эл аралык мамилелер жана Финансы жана кредит программасы үчүн гана зарыл, калган даярдоо программаларына талап кылынбайт. Эгерде абитуриент жалпы сынакка гана кире турган болсо, 500 сом гана төлөнөт. Ал эми жалпы сынакка жана англис тили сынагына да кире турган болсо, анда 1000 сом акы төлөнөт. Төлөмдөр «Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын» өлкөдөгү бардык филиалдарында кабыл алынат.
ЭСКЕРТҮҮ: Каттоо үчүн төлөгөн каражат кандай жагдай болбосун кайра кайтарылбайт.
Сынакка кантип катталасыз?
Абитуриенттер сынакка Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан даярдалган abiturient.manas.edu.kg порталы аркылуу онлайн катталат. Сынакка катталуу үчүн порталга жогорудагы 2.3 пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жайгаштыруу керек. Сиз киргизген маалыматтар жана документтердин электрондук порталга толук жана туура киргизгендигиңиз операторлор тарабынан текшерилет. Эгер бардык маалыматтар жана керектүү документтер толук жана туура киргизилген болсо портал сизге сынак баракчасын даярдап берет. Сынак баракчасын принтерден чыгарып, сынак күнү паспортуңуз менен бирге сөзсүз ала келишиңиз керек. Сизге берилген Сынак баракчасында сынакка сынак өтө турган имарат, аудиториялар көрсөтүлөт. Сынак учурунда жана даярдоо программасын тандоо иш-аракеттери толук аяктаганга чейин сизге берилген Сынак баракчасын жоготпой сакташыңыз керек. Каттоо учурунда киргизген маалыматтарыңыздын тууралыгына жана тактыгына сиз өзүңүз гана жооптуусуз. Андыктан, Сынак баракчасындагы маалыматтардын тууралыгын өтө кылдаттык менен текшерип чыгышыңыз зарыл. Эгер катталуу учурунда абитуриенттин тапшырган документтеринде же берген маалыматтарында кемчиликтер же каталар болсо, анда ал абитуриент катталуу жана сынакка кирүү укугунан ажырайт.
Сынакка каттоо качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?
Сынакка каттоо төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректе жүргүзүлөт.
Электрондук порталдын дареги | Каттоо мөөнөтү |
abiturient.manas.edu.kg |
саат 9:00 – 19:00 |
Толук маалымат алуу үчүн http://exams.manas.edu.kg/index.php/kvotalar