2020-жылдын 29-ноябрында Студенттик Кеңештин “Жаш маркетологдор” клубу тарабынан ‘Өз ишиңдин жетекчиси болуубу же бирөөнүн кол алдында иштөөбү?” аталышындагы семинар уюштурулду. Семинар Google Meet тиркемеси аркылуу онлайн режимде болду. Иш-чаранын коногу “Инфо Групп” компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Адилет Кадыракунов болду.

       Адилет Кадыракунов семинарда бир иштин мыкты адиси болуу, уюштуруу, киришүү жөнүндө маалымат берди. Өз ишин баштоодо эмнелерге көңүл буруу керек, кандай иш аракеттерди жасоо керек ж.б. темаларда өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Семинардын соңунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берилди.

Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон:Луиза Мелис кызы