2020-жылдын 26-ноябрында Студенттик кеңештин “Агропрогресс” клубу тарабынан “Жүгөрү гибриддери” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинар онлайн режимде Google Meet программасынын жардамы менен өткөрүлдү.

        Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири жана “Polen Seed” компаниясынын айыл чарба эксперти Аскар Калыков болду.

       Аскар Калыков жүгөрү гибриддери жөнүндө кеңири маалымат берип, презентациясын студенттер менен бөлүштү. Андан соң студенттер тарабынан берилген бардык суроолорго жооп берди.

Даярдаган:Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Луиза Мелис кызы