2020-жылдын 29-октябрында Студенттик Кеңеш башкармалыгынын “Жаш маркетологдор” клубу тарабынан “Маркетинг тармагындагы карьеранын артыкчылыктары” аттуу семинар уюштурулду. Семинар Google Meet тиркемеси аркылуу онлайн режимде өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири жана Кока-Кола компаниясында маркетинг тармагында эмгектенген Нурбек Абдылдаев болду.
Семинарда Нурбек Абдылдаев карьеранын өсүшү, маркетингдин артыкчылыктары, маркетинг чөйрөсү жөнүндө маалымат берди. Семинардын аягында катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.
Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу
Которгон: Луиза Мелис кызы