ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮГӨ


Сиз – жумуш берүүчүсүз жана сизге кадрлар керек болуп жатабы?

Эгерде сиздин компанияңызда вакансия бар болсо жана сиз мыкты талапкерлерди табууну каалап жатсаңыз, анда биз сиздерге таланттуу жана активдүү кызматкерлерди университетибиздин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен издөөгө жардам бере алабыз.

 

Кызматкерлерди издөөгө жардам берүүңүз үчүн мен эмне кылышым керек?

Вакансия тууралуу толук маалыматты биздин электрондук дарегибизге (Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.) жөнөтүңүз.
Кайсыл факультеттин / жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрү талап кылынарын, вакансияңызды коомдук жарыялоого кызыктар экениңизди же жеке издөө иштерин жүргүзүүнү каалай турганыңызды маалыматта көрсөтүңүз.

 

Менин вакансиямды ким көрө алат?

Вакансия модератор тарабынан каралып чыккан соң:

  • бул баракчада;
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн социалдык тармактардагы расмий баракчаларында (Facebook жана Instagram) жарыяланат.

Же болбосо биздин бүтүрүүчүлөрдүн электрондук почталарына жиберилет.

 

Кимдир бирөө жооп кайтарса кандай болот?

Вакансыяңызга берилген резюмелер ошол замат сизге жиберилет.

 

Вакансиянын үлгүсүн колдонуу

Урматтуу жумуш берүүчүлөр!
Эгерде сиз вакансияларды бизге жиберүүнү кааласаңыз, анда төмөндөгү үлгүнү колдонууңузду өтүнөбүз.
Рахмат!

Вакансиянын үлгүсү КР (DOCX, 477 Кб)

Шаблон вакансии РУС (DOCX, 477 Кб)

  


 

БҮТҮРҮҮЧҮГӨ


Сиз бүтүрүүчүсүзбү? Жумуш издеп жатасызбы?

Биз мыкты жумуш берүүчүлөрдүн эң жаңы жана актуалдуу вакансияларын сунуштоого даярбыз!

 

Менин резюмемди жумуш берүүчү көрүүсү үчүн эмне кылуум керек?

Өзүңүздүн резюмеңизди биздин электрондук дарегибизге (Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.) жөнөтүңүз.
Кайсыл вакансияга жиберип жатканыңызды көрсөтүүнү унутпаңыз.

 

Мен резюмемди жөнөттүм, эми эмне болот?

Сиздин резюмеңиз модератор тарабынан каралып чыгат жана жактырылгандан кийин жумуш берүүчүгө жиберилет. Эгерде сиздин резюмеңиз жумуш берүүчүнү кызыктырып калса, анда сиз менен жакынкы убакта байланышышат.